Page 11 - КАТАЛОГ
P. 11
Негизги тамактануу
Витаминдер жана минералдар организмдин туура иштешин
камсыз кылуу үчүн зарыл. Салмактуу тамактануу жана активдүү
жашоо образы маанилүү болсо да, көптөгөн адамдар кошумча
азык-түлүк продуктуларынан жана кошулмалардан пайдалуу
заттарды ала алышат. Мындай продуктулардын рационго
кошулушу оптималдуу ден соолукту сактоого, иммунитетти
бекемдөөгө, тамак сиңирүүнү жакшыртууга, энергияны
жогорулатууга жана активдүү жашоону колдоого жардам берет.
Форевер компаниясынын продуктулары илимий жактан
иштелип чыгып, клиникалык изилдөөлөрдөн өткөн
ингредиенттерди камтыйт. Биз дайыма өз формулаларыбызды
жаңылап, алар жаңы илимий маалыматтарга ылайык эң мыкты
ингредиенттерди камтыганын камсыз кылабыз. Андан
тышкары, биздин азыктык суусундуктарыбыз компаниябыздын
жана көптөгөн продуктуларыбыздын негизги элементи болгон
99,7% таза стабилдештирилген алоэ вера гелин камтыйт.
Forever компаниясынын продукциясы дары-дармек эмес жана эч кандай ооруларды дарылоо, алдын алуу же диагноз коюу үчүн арналган эмес.
Эгерде сиз кош бойлуу болсоңуз, бала эмизип жатсаңыз, ден соолук маселелериңиз болсо же дарыларды кабыл алып жатсаңыз, колдонуудан мурун 11
дарыгериңиз менен кеңешиңиз.